Бир суткада 5 медик сакайып чыкса, дагы жетөө COVID-19 жуктуруп алды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медик. Архив
Ооруканадагы медик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 372 учур катталды.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Алардын ичинен экөө Бишкек шаарында, төртөө Ош шаарында жана бирөө Нарын облусунда иштейт”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде беш медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 372 учур катталды, алардын ичинен 270 медкызматкер стационарлардан сакайып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0