Бишкекте көп. Бир суткада 27 киши ооруканадан сакайып чыкты

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүБейтаптар үчүн ооруканадагы стационарда медицина кызматкери. Архив
Бейтаптар үчүн ооруканадагы стационарда медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан айыккандардын 24ү Бишкектен, экөө Баткен облусунан жана бирөө Ош облусунан болду.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирусту жеңген 27 бейтап стационардан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын билдиришинче, айыккандардын 24ү Бишкектен, экөө Баткен облусунан жана бирөө Ош облусунан болду.

Республика боюнча жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ал эми вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899га жетип, бүгүн 28 кишиден аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0