Кийинки жумадан тарта мечит, намазканалар иштей баштайт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНамаз окуп жаткан адам. Архив
Намаз окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам киргизилген чектөөлөр акырындап чекесинен алынып жатат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 8-июндан тарта өлкөдөгү диний мекеме болгон мечиттер, чиркөө жана намазканалар ишин жандантат. Мындай чечимди муфтият менен сүйлөшкөндөн кийин Республикалык штаб кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө аталган жайларга келген элдин санитардык чектөөлөрдү сактоосу шарт экени айтылды. Бет кап тагынып, кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек.

Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертип, санитардык-гигиеналык нормаларды аткаруу, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз бет кап тагынуу зарылдыгын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0