Адис: быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти

© Sputnik / Наталья Айирян / Медиабанкка өтүүАйылда киши жаңгак кармап турат. Архив
Айылда киши жаңгак кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда жана жапайы жаңгак болуп эсептелет.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти. Бул тууралуу парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Бишкектеги Ош базарында жер-жемиш сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери Кыргызстандан тамак-аш көбүрөөк экспорттолду
Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

Ага депутат Абдывахап Нурбаев Кыргызстанда канча гектар жерге жаңгак тигилерин жана андан канча түшүм алынары боюнча суроо берген.

Шериповдун айтымында, өлкө аймагында жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда жана жапайы жаңгак болуп эсептелет.

"Жылына бул аянттан 6 миң тонна алынат. Бирок климаттык шарттардан көз каранды. Жазда үшүк жүрсө, албетте, түшүм азаят. Мисалы, быйыл жаңгакты үшүк алып кетти", — деди Шерипов.

Маалыматка караганда, былтыр 6 миң тонна түшүм алынган, ал эми 2018-жылы 5,5 миң тоннага гана жетип калган.

Кыргызстан негизинен жаңгакты Европа мамлекеттерине, анын ичинде Түркияга көп экспорттойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0