36 жыл иштеген. COVID-19дан көз жумган дарыгер Исмаиловго жазылган некролог

© REUTERS / Rupak De ChowdhuriСитуация в Индии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Индии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альберт Исмаилов тажрыйбалуу дарыгер катары апрель айынан бери аймакта коронавирус жуктуруп алгандарды дарылап келген.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-фтизиатры Альберт Исмаилов 59 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги тараткан некрологдо жазылат.

Исмаилов апрель айынан бери коронавирус жуктуруп алгандар менен иштеп келе жатып, 2-июнда каза болгон.

"Альберт Жумабекович өз кесибин сүйгөн, өз ишине так, чыгармачыл, кесипкөй, уюштургуч, жоопкерчиликти сезе билген дарыгер катары таанылган. Ооругандарды өз убагында дарылап, ар бир бейтаптын жүрөгүнөн орун тапкан, жамааттын арасында кадыр-баркка ээ, жаштарга насаатын аябаган инсан болгон", — деп эскерет медицина кызматкерлери.

Исмаилов Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган. Үч уул, бир кыздын атасы, жети неберенин чоң атасы эле.

Дарыгер 1978-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы  КММИнин "дарылоо иши" факультетин аяктаган. Эмгек жолун Ош шаардык инфекциялык ооруканасында инфекционист болуп баштаган.

 Коронавирус инфекциясынын кесепетинен көз жумган№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева - Sputnik Кыргызстан
30 жыл иштеген. COVID-19дан көз жумган дарыгер Көкүмбаевага жазылган некролог
Андан соң Ош шаардык инфекциялык ооруканасында бөлүм башчы, Совет райондук ооруканасында инфекционист, кийинчерээк ошол эле ооруканада дарыгер-фтизиатр болуп эмгектенген.

1994-2013-жылдары Кара-Кулжа райондук кургак учукка каршы күрөшүү боюнча диспансерге башкы дарыгер болуп дайындалган.

2013-жылдан ушул мезгилге чейин Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборундагы Дарылоо, кеңеш берүү бөлүмүндө дарыгер-фтизиатр болуп иштеп келген.

36 жылдык эмгек жолунда Саламаттык сактоонун отличниги наамын алган. Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктарына ээ болгону айтылды.

Саламаттык сактоо министри жана министрлик маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0