Өлкөдө 3000дей жаран үйүнөн паспорт жасатты. Арасында 110 жаштагы байбиче бар

© Фото / пресс-служба ГРСКыргызстанка Урбу Боромбаева
Кыргызстанка Урбу Боромбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйдөн чыга албаган карыларга, майыптыгы бар жарандарга кызмат көрсөткөн мобилдик топтор Бишкек жана Ош шаарларында 2016-жылдан бери иштейт.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда төрт жылдын ичинде үч миңге чукул жаран үйдөн чыкпай, акысыз паспорт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, үйдөн паспорт жасаткандардын арасында 110 жаштагы Үрбү Боромбаева бар. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков110 жаштагы Үрбү Боромбаева
Өлкөдө 3000дей жаран үйүнөн паспорт жасатты. Арасында 110 жаштагы байбиче бар - Sputnik Кыргызстан
110 жаштагы Үрбү Боромбаева
"Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу анын жоголуп кеткен паспортун кайра калыбына келтирүүгө жардам берген. Үрбү Боромбаева үч уул, бир кыздын апасы, 100дөн ашык небере-чөбөрөсү бар. Азыркы тапта 73 жаштагы уулунун колунда Бишкек шаарында турат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматы мындай мобилдик топтор Бишкек жана Ош шаарларында 2016-жылдан бери кызмат көрсөтүп келерин билдирди. Алар төрт жылдан бери үч миңден ашык жарандын үйүнө барып, акысыз паспорт жасап беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0