Бишкектин эки акимиатында иштегендерден коронавирус аныкталды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЛабораториядагы медик. Архив
Лабораториядагы медик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Октябрь райондук администрациясынын кызматкеринен коронавирус табылганы айтылып, бирок жетекчиси маалыматты төгүндөгөн болчу.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Октябрь жана Свердлов райондук администрацияларында иштеген кызматкерлерден коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Мобилдик бригада. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: мобилдик бригада кыдырып чыккан Бишкектеги конуштардын тизмеси
Анын айтымында, Октябрь акимиатынан коронавирус жуктурган төрт адам катталса, дагы бирөө Свердлов районунан аныкталган.

Учурда Октябрь райадминистрациясынын 100гө жакын кызматкери текшерилип, көзөмөлдө. Бейтаптар стационарда дарыланып, алар менен байланышкандар үй карантинине алынды.

Эске салсак, 26-майда Октябрь райондук администрациясынын кызматкеринен коронавирус табылганы айтылган. Анын эртеси райондун жетекчиси Максим Ситников COVID-19 алардан чыкпагандыгын айткан. https://sputnik.kg/society/20200527/1048449819/bishkek-akimiat-kyzmatker-koronavirus.html Ошондон бери текшерүү иштери уланып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0