COVID Бишкек менен Нарында азайбай жатат. Сандар

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүОорукананын кызматкерлери. Архив
Оорукананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө жалпысынан алганда коронавирус 1871 адамдан табылды. Алардын арасынан 1265и айыгып, 20 бейтап көз жумду.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 586 бейтап учурда стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Кыргызстанда коронавирус катталган облустар жана ал жактагы бейтаптардын саны:

  • Бишкек шаары — 484
  • Чүй облусу — 133;
  • Ош облусу — 220;
  • Ош шаары — 207;
  • Жалал-Абад облусу — 163;
  • Баткен облусу — 30;
  • Нарын облусу — 380;
  • Ысык-Көл облусу — 14.

Ооруканадагы бейтаптар үчүн стационар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан көз жумган үч бейтап. Министрлик чоо-жайы тууралуу
Калган 240 учур сырттан келген мекендештерден табылган.

Медицина кызматкерлеринин арасынан акыркы суткада бир ак халатчандан коронавирус табылса, 11 медик бир суткада айыгып чыккан. Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 365 учур катталып, андан 265и сакайып чыкты. Тилекке каршы, коронавирус эки медиктин өмүрүн алды.

Кыргызстанда жалпысынан алганда коронавирус 1871 адамдан табылды. Алардын арасынан 1265и айыгып, 20 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0