Көбү Нарындан. Кыргызстанда бир суткада 46 бейтап айыгып чыкты

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в Черкесске
Госпиталь COVID-19 в Черкесске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы суткада Бишкектен - 7, Нарындан - 31, Ош шаарынан экөө, Ош облусунан экөө, Жалал-Абаддан үчөө, Баткен облусунан бирөө айыгып чыкты.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуктуруп алган 46 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Акыркы суткада Бишкектен - 7, Нарындан - 31, Ош шаарынан экөө, Ош облусунан экөө, Жалал-Абаддан үчөө, Баткен облусунан бирөө айыгып, үйлөрүнө чыгарылды", — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1265 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0