Көчүрбөгүлө! Интернетке Samsung смартфонун иштен чыгарган сүрөт тарады

CC0 / Pixabay / TeroVesalainenКиши смартфон колдонуп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Киши смартфон колдонуп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттө батып бара жаткан күн, тоо жана көл тартылган. Аны көчүрүп алган соң гаджет кайра-кайра өчүп, иштен чыга баштайт.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ice Universe деген жашыруун аты бар Twitter колдонуучусу смартфонду буза турган сүрөттү жарыялагандыгын РИА Новости жазды.

"Бул сүрөттү эч качан телефонуңарга жүктөбөгүлө. Экранга коём десеңер жаңылышасыңар. Ал Samsung смартфондорун иштен чыгарат! Эгерде кимдир бирөө жөнөтсө да ачпай кутулуш керек", — деп жазган автор 31-майда.

Сүрөттө батып бара жаткан күн, тоо жана көл тартылган. Бир караганда эч кандай деле көйгөй жаратчудай көрүнбөйт. Анткен менен комментарийлерде ал сүрөттү телефондун экранына коём деп оозун күйгүзгөн кишилер маалыматты тастыкташкан. Сүрөттү смартфонго киргизген соң өчүп, жанып, өзүнөн өзү иштебей калат. Бул бир нече ирет кайталанат.

Ал эми бир катар колдонуучулар аппараттын ичиндеги маалыматтар да жоголуп кеткендигин билдиришкен.

Посттун автору Samsung компаниясы бул маселеге көңүл буруп, атайын жаңылай турган системаны караштырып жаткандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0