Жыштык чырына тиешеси жок. УКМК Байымбетовдун иштен кетишин түшүндүрдү

© AFP / Federico Gambarini / dpaКиши тротуарда бара жатат. Архив
Киши тротуарда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыштык чырында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да аты аталган. Өкмөт башчы мындан улам эмгек өргүүгө чыкты.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет айрым ЖМКлардын ведомствонун жетекчи орун басары Жакыпбек Байымбетов жыштык чырына байланыштуу кетти деп жазып чыкканын төгүндөдү.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Байымбетовду кызматтан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон. Өлкө башчынын маалымат кызматы ал ден соолугуна байланыштуу иштен кетип жатканын кабарлаган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Абылгазиев жыштык чуусунан улам эмгек өргүүгө кетти
УКМК Байымбетов кызматкерлери кармалган башкармалыкта иштебегенин айтып, жыштык чырына тиешеси жок экенин белгиледи. Аталган ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп жооп берген.

Эске сала кетсек, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0