Бет кап жок болсо жетекчи жазаланат! Мэрия ишкерлерге кайрылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКире бериште күзөт кызматкери келгендер кишилердин температурасын текшерип жатат
Кире бериште күзөт кызматкери келгендер кишилердин температурасын текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми бет капты элди тейлеп иштеген тараптардын бардыгы кийиши керек. Бул үчүн жоопкерчилик алардын жетекчисине — ишкерге жүктөлдү.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы калкты тейлеген жана кызмат көрсөткөн (кафе, ресторандар) жактардын кызматкерлери милдеттүү түрдө бет кап тагынышы керек, болбосо жетекчилер жазаланат. Бул кабарды муниципалитеттин маалымат кызматы таратты.

Буйрукка Бишкектин вице-мэри, жарандык коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Азиз Алымкуловдун кол койгону айтылды. Эми бет капты аталган тармакта иштегендер милдеттүү түрдө тагынышы керек.

"Мунун баары шаарды COVID-19дан сактоо үчүн жасалууда. Санитардык талаптарды аткаруу жана аны көзөмөлдөө, жоопкерчилик бардык жетекчилерге бирдей тиешелүү. Урматтуу ишкерлер, силерден өз кызматкерлериңер менен кардарлар үчүн коопсуз шарт түзүп берүүнү дагы бир ирет өтүнөбүз", — деп айтылган кайрылууда.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: коронавирусту дарылоочу вакцина жакынкы жылдары чыкпайт
Мэрия эгерде санитардык талаптар бузулуп жатса, күнү-түнү иштеген 1840 жана 1850 телефондоруна жана 0554 182-185 WhatsApp номерине кабарлоону өтүндү. Аны менен кошо видео жана сүрөткө тартып салууну кошумчалады.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясына 0 705 564 756, ал эми Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлгө 0708 994 410 (WhatsApp) номерлери менен билдирүү таштаса болот.

Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетип, анын ичинен 1219 бейтап айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 17 адамдын өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0