Кадамжайдагы чек араны кыргыз-өзбек аскерлери кайтарууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПограничники Кыргызской Республики
Пограничники Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки элдин кагышып кетүүсүнө жол бербөө иштери тыкыр каралып, чек араны бузуп өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 2-июн.— Sputnik. Кадамжай районундагы Чечме аймагындагы чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери биргелешип кайгуул иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылды.

"Кыргызстан тараптан Айдаркен багытында, эми Өзбекстан тараптан Сох боюнча чек арачылар менен тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү чек араны бузуп өтпөө боюнча алдын алуу, түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө. Эки элдин кагышып кетүүсүнө жол бербөө иштери тыкыр каралууда", — деп жазылат маалыматта.

Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Мирзиёев чек ара көйгөйүн талкуулашты
Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал толугу менен эки мамлекеттин аскердик түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экени жана кырдаал туруктуу деп бааланып жатканы кабарланды.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0