Айтканды укпай. Россиядан "Жүк-200" коштоп келген адам 31 кишиге жолуккан

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОблустук оорукананын медициналык кызматкерлери. Архив
Облустук оорукананын медициналык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус башчысы алгоритм боюнча маркумду алып келгендер эч ким менен жолукпастан, карантиндик жайда жатышы керектигин катуу эскертти.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районуна Россиядан "Жүк-200" менен маркумдун сөөгүн коштоп келген адам талаптарга баш ийбей, 31 кишиге жолуккан. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, учурда 31 адам үй карантинине алынып, бир айылдын бүт жашоочулары көзөмөлдө турат.

"Жүк-200" менен маркумду коштоп келген киши укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликти укпастан, автоунаадан чыга калып кыйкырып, тартипти бузган. Натыйжада 31 адам менен байланышта болуп, көрүшкөнү аныкталды. Ошонун кесепетинен бир нече адамды карантинге алып, айыл элин көзөмөлдөп жатабыз. Алгоритм боюнча маркумду алып келгендер эч ким менен жолукпастан, карантиндик жайда жатышы керек. Бул ооруну биз сабырдуулук, түшүнүү менен гана жеңе алабыз", — деди Мирзахмедов.

Жалал-Абад облусунда 169 адам коронавирус жуктуруп алса, анын ичинен 156 бейтап айыгып чыккан.

Ал эми Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетип, анын ичинен 1219 бейтап айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 17 адамдын өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0