Жалал-Абадда COVID жуктурган бейтаптардын 90 пайыздан ашыгы айыкты

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүү Медициналык кызматкер ооруканада. Архив
 Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда коронавирус жуктуруп, ооруканада дарыланып жаткандардын баары Россиядан келген кыргызстандыктар.

БИШКЕК, 2-июн.— Sputnik. Жалал-Абад облусунда 169 адам коронавирус жуктуруп алса, анын ичинен 156 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта облустагы стационарларда алты адам дарыланып жатат.

"Аксы, Ноокен, Сузак райондорунда бирден бейтап, ал эми Токтогулда үч адам дарыланып жатат. Алтоо тең сырттан, Россиядан келген. Ал эми облус ичинде жашап, коронавирус жуктуруп алгандардын баары айыгып чыкты", — деди Мирзахмедов.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетип, анын ичинен 1219 бейтап айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 17 адамдын өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0