Бишкекти аралаган жылан боюнча мэрия билдирүү таратты

© AP Photo / Martin MejiaЗоопарктагы жылан. Архив
Зоопарктагы жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон бир нече метрлик кара чаар жыландын чөптүн арасынан башын көтөрүп тургандыгын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Мэриядан эгерде шаардыктар жылан көрсө эмне кылуу  керектигин айтып беришти.

Кенеден сактануунун жолдору
Эске салсак, социалдык тармактарда шаардагы көңүл ачуучу жайдын жанындагы көк чөптүү аянтчада кара чаар жыландын башын көтөрүп турган видеосу тараган.

Көп өтпөй жылан ал жерде кандайча пайда болгонун жаныбарга ээлик кылган зоопарк түшүндүрүп берген.

Көрсө, сойлоп жүрүүчү жаныбарды соода борборунун ичинде жайгашкан зоопарктын кызматкерлери сейилдөөгө алып чыккан экен.

"Зоопарктын кызматкери бул император деген түрдөгү жылан экендигин, алар кишини чакпай тургандыгын айтып берген. Адис жыландын башка түрлөрүнө, питонго салыштырмалуу булар агрессивдүү болбостугун кошумчалаган. Жакында болгон эпидемиядан улам зоопарк карантинге жабылган. Бирок жаныбар күнгө, таза абага чыгышы керек. Бул катуу көзөмөл менен болот", — деп билдирген мэриянын маалымат кызматы.

Октябрь райондук акимчилигинин кызматкерлери зоопарктын администрациясына коомдук жайларда тартипти катуу сактоо зарылдыгын эскертишкен.

"Эгерде жылан көрсөңөр, ӨКМдин 161 номерине чалышыңар керек. Тажрыйбалуу куткаруучулар дароо жардамга келет. 161 номерин сактап алышыңарды өтүнөбүз. Жыланды кармап же ага жакындап барууга аракет кылбаш керек. Эгерде телефон чалууга убакыт жок болсо, айланып өтүп, ага жакын жолобоо эң коопсуз ыкма болот", — деп айтылган маалыматта.

Мэриядан жаныбарды көргөндө өз алдынча чечим кабыл алып жибербегиле деп эскертишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0