COVID-19: бир суткада эки медик оору жуктуруп, дагы экөө айыкты

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүДезинфекция жүргүзүп жаткан медицина кызматкерлери. Архив
Дезинфекция жүргүзүп жаткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оору жуктурган эки ак халатчан Ош шаарынан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 364 учур катталды.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде эки медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Вакцинация против гриппа - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бир суткада 38 бейтап айыкты. Жалпы саны 1219 болду
Анын айтымында, оору жуктурган эки ак халатчан Ош шаарынан. Ал эми стационарлардан сутка ичинде эки медкызматкер айыгып чыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 364 учур катталды. Алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетип, анын ичинен 1219 бейтап сакайды. Тилекке каршы, кечээ Нарында бир аял каза таап, коронавирус жуктуруп көз жумгандардын саны 17 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0