Маданият министрлиги элди онлайн кабыл алат. Жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрге кайрылууну каалаган бардык жарандар 0701 701 581 WhatsApp номерине билдирме калтыруусу зарыл. Министрлик бир дагы кат жоопсуз калбай тургандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомдук кабылдаманы онлайн ыкмасында жүргүзө турганын кабарлады.

Ага ылайык, министрге кайрылууну каалаган бардык жарандар 0701 701 581 WhatsApp номерине билдирме калтыруусу зарыл. Ошондой эле катынын аягында өзүнүн жеке WhatsApp номерин да жазып коюшу керек.

"Ар бир кайрылуу министр Азамат Жаманкуловдун жеке көзөмөлүндө болуп, видеочалуулар ар жуманын шаршемби күндөрү саат 16:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бир дагы кат жоопсуз калбай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0