Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСитуация на контрольно-пропускном пункте "Акжол автодорожный" на границе КР и РК
Ситуация на контрольно-пропускном пункте Акжол автодорожный на границе КР и РК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорду ишке ашырууга 127 жумушчу жана 15 даана техника тартылган. Өткөрүү пунктундагы реконструкция болуп жаткан жердин аянты 3,5 гектарды түзөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Акжол" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы ремонт иштери жыл аягына чейин бүтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Казакстандын индустрия жана инфраструктура министрлигине таянып кабарлады.

"Кийинки жылы Кордайдын (кыргыз тарабы "Акжол" деп айтылат — ред.) өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, бир суткада 23 миң киши менен 2500 автоунаа өткөрө баштайт. Жөө адамдар өткөн жер реконструкцияланып, 137 метрге чейин кеңейтилди. Мындан сырткары өткөрмө терминал, көзөмөлдөн өткөргөн пункт, чек ара кызматынын имараты дагы ремонттолуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Зона таможенного контроля в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташуу үчүн ачылды
Министрликтин маалыматына ылайык, адистерге бул жылы инспекциялык-кароо комплексинин курулуш иштерин аткарып бүтүү тапшырмасы да коюлган.

Долбоорду ишке ашырууга 127 жумушчу жана 15 даана техника тартылган. Өткөрүү пунктундагы реконструкция болуп жаткан жердин аянты 3,5 гектарды түзөт.

"Акжол" жана "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункттары ремонтко ушул жылдын февраль айында жабылган. Азыркы тапта ал жактан жөө адамдар гана таңкы саат 6:00дөн 24:00гө чейин өтө алышат. Транспорт жакынкы өткөрмө бекеттерден өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0