Бул көчөлөр менен жүрбөгүлө! "Бишкек жылуулук" иштеп жаткан аймактардын тизмеси

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек жылуулук" унаасы. Архив
Бишкек жылуулук унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия тиешелүү кызматтар менен биргеликте 2020-2021-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрө баштады. Иш ушул айдын этегине чейин уланмакчы.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. 1-июндан тарта "Бишкек жылуулук" ишканасы алдын ала кышка даярдык иштерин жүргүзгөндүктөн, шаардын айрым көчөлөрүндө жүргөндө тоскоолдуктар болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитет иш жүргүзүлө турчу көчөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жумуш 7-июнга чейин уланат. Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде 15-июнга чейин аяктамакчы.

Кол кап кийип эшик ачып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте санитардык тартип бузулса кимге билдирүү керек. Номерлер
Исанов көчөсүн бойлой иш бир нече жерде жүргүзүлөт. Тагыраагы, Раззаков, Токтогул жана Чокморов көчөлөрү менен кесилишкен жерлеринде болот. "Бишкек жылуулук" ишканасы 20-июнга чейин тиешелүү тетиктерди алмаштырары маалымдалды.

Буга катар эле Исанов көчөсүн бойлой Киев жана Сыдыков көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүнө жумушчулар суу түтүк, канализация жана жылытуу шаймандарын салып баштайт. Иш 25-июнга чейин уланып, ал бүткөндөн кийин жолдун асфальты калыбына келтирилет.

Толук маалыматты "Бишкек жылуулук" ишканасынын номерлери аркылуу алууга болот:

  • кардарларды колдоо борбору: (0312) 61-11-69;
  • борбордук райондун нөөмөтчү инженерлери: (0312) 36-57-19, (0312) 30-07-67;
  • түштүк райондун нөөмөтчү инженери: (0312) 51-06-22, (0312) 21-74-06;
  • диспетчердик кызмат: (0312) 56-85-58.

"Бишкек жылуулук" менен мэрия ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларга оңдоо иштери боло турчу көчөлөрдү эске алууну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0