Улгайгандар эмес. Коронавируска чалдыгуу коркунучу барлардын жаңы тобу аталды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүВрач өпкөнүн рентген нуру менен ооруканада. Архив
Врач өпкөнүн рентген нуру менен ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коронавирусту жуктуруп алуу өнөкөт оорулары барлар менен карыгандар үчүн кооптуу экендиги айтылган. Бул топтогу адамдар көбүнчө ооруга туруштук бере албайт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Чылым чегип, ичимдик ичкендер дагы коронавируска көбүрөөк чалдыгып, анын менен күрөшүүсү кыйын болот. Бул тууралуу РИА Новости профессор, Россиянын Коомдук саламаттыкты сактоо ассоциациясынын президенти Андрей Деминге таянып билдирди.

Дарыгердин сүрөтү тартылган дубал - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер COVID-19дун экинчи толкунунун күчү эмнеде болорун айтып берди
Маалыматта буга чейин Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызмат (Роспотребнадзор) алкоголдук ичимдикти көп ичүү COVID-19 козгогучун өлтүрбөйт, тескерисинче, иммунитетке залалын тийгизет деп айтканы белгиленет.

Профессор дагы көзөмөл органынын билдирүүсүнө кошулуп, алкоголдун коргоочу ролу жөнүндө далилдер жок экендигин билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамеки боюнча пикири да ушундай болуп чыккан.

"Спирт ичимдиктери жана тамеки организмге терс таасирин тийгизгендиктен, организм алсырап инфекцияга туруштук бербей калат. Ошондуктан ичип, чеккендерди өнөкөт оорулары барлар жана карыган адамдар сыяктуу эле вирус жуктуруу коркунучундагы адамдардын тобуна кошууга болот", — деген Демин.

Ошондой эле ал COVID-19 эпидемиясынын башталышында тамеки менен алкоголду "оорудан сактап, инфекциядан коргойт" деп жарнамалаган бизнес өкүлдөрүн сынга алды.

"Ар кандай алкоголдук ичимдиктер иммундук системага таасир бергенден тышкары өпкөгө зыянын тийгизип, боордогу маанилүү заттардын синтезин бузат", — деген профессор.

Ушул тапта Россияда коронавирус жуктургандардын саны 405 843кө жетти. Оорудан 4693 адам каза болду. Ал эми 170 миңге чукулу айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0