Өлкөдө коронавирустан 11 бейтап айыкты

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОорукананын медицина кызматкерлери жана бейтаптар. Архив
Оорукананын медицина кызматкерлери жана бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 1817 адам болду. Анын ичинен 1181и айыгып кетти.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 11 адам айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1181ге жетти.

"Акыркы суткада Бишкек шаарынан беш, Нарындан алты киши коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды",— деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817 болду. Анын ичинен 1181и айыгып, 16сы каза болду.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0