Укук коргоочу Рузиевди үй камагына чыгарышты

© AFP / ALAIN JOCARDЭшикти ачып жаткан абак кызматкери. Архив
Эшикти ачып жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй камагына чыгарылган Рузиев соттун чечимдерин бузбашы керек, болбосо кайрадан темир тор артына отуруп калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Караколдук укук коргоочу Камил Рузиевдин үй камагына чыгарылгандыгын Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди шаардык сот кабыл алды.

“Шаардык парк” муниципиалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суракта болдум. Иш бөлмөсү тинтилген Калича Умуралиева түшүндүрмө берди
Рузиев үй камагында болгондуктан саат 22:00 менен 06:00 арасында үйүндө болушу керек. Андан сырткары, Ысык-Көл облусунун аймагынан ишти алып барып жаткан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт. Болбосо аны кайра камап коюшу мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан "Вентус" коомдук бирикмесинин башчысы Камилжан Рузиевдин кармалганы кабарланган.

57 жаштагы укук коргоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 359 ("Документтерди жасалмалоо") жана 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон. Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийин интернет тармагында УКМК алдамчылык боюнча деген кинени караган жок деген расмий эмес маалымат тарап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0