Новосибирскиден 180 кыргызстандык учуп келди

© Фото / пресс-служба МИД КРБүгүн Бишкекке Новосибирск – Бишкек чартердик каттамы менен 177 кыргызстандык кайтып келди
Бүгүн Бишкекке Новосибирск – Бишкек чартердик каттамы менен 177 кыргызстандык кайтып келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келген жарандардын баары медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бүгүн Бишкекке Новосибирск – Бишкек чартердик каттамы менен 180 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба МИД КРВ Бишкек из Новосибирска прилетел чартерный рейс со 177 кыргызстанцами на борту
Бүгүн Бишкекке Новосибирск – Бишкек чартердик каттамы менен 177 кыргызстандык кайтып келди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн Бишкекке Новосибирск – Бишкек чартердик каттамы менен 177 кыргызстандык кайтып келди
© Фото / пресс-служба МИД КРВ Бишкек из Новосибирска прилетел чартерный рейс со 177 кыргызстанцами на борту
Авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды - Sputnik Кыргызстан
2/2
Авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды
1/2
Бүгүн Бишкекке Новосибирск – Бишкек чартердик каттамы менен 177 кыргызстандык кайтып келди
2/2
Авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды

Авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

Элди S7 авиакомпаниясы ташыган.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Сибирь, Ырааккы Чыгыш жана Россиянын түндүк аймактарындагы кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген жарандардын бардыгы медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

Кыргызстандын чет өлкөдөгү жарандарын кайтаруу иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0