Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевРеспубликалык ыкчам штабдын жыйыны
Республикалык ыкчам штабдын жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубатбек Бороновдун айтымында, COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардан алынган ПЦР-анализдин жыйынтыгы бир сутка ичинде чыгарылышы зарыл.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Бул максатта регионго саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЦР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча жыйынтык бир суткада чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт", — деди Боронов.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандардан жеринде экинчи ирет ПЦР-анализ алынып, кезектеги штабдын кеңешмесинде ал боюнча так маалымат берүүнү тапшырды.

31-майдагы маалыматка караганда, Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 358ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0