Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМышык менен ойноп жаткан бөбөк. Архив
Мышык менен ойноп жаткан бөбөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала кайрылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору Бишкектин Ак-Өргө кичи районунда жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине таап берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала (жашы айтылган эмес) кайрылган. Ал саат 13.30дар чамасында эшиктин алдында ойноп турган инисин таппай калганын айткан.

"Эки сааттан кийин бөбөк ошол эле конуштагы Гагарин менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан билдиришкендей, небересинин табылганына сүйүнгөн чоң эне инспекторлорго ыраазычылыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0