Өткөн суткада COVID-19 чыккандардын ичинде Россиядан келген өспүрүм бар

© AFP / JAY DIRECTOОоруканадагы өспүрүм. Архив
Ооруканадагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны — 1748. Анын ичинен 1170 киши сакайып чыгып, 16сы каза болду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада коронавируска кабылганы аныкталган 26 киши вирусту кайдан илештирип алганын айтып берди.

“COVID-19 илдетин жаңы жуктурган 26 учурдун экөө сырттан келгендер. Биринчиси жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу, экинчиси энеси менен Россиядан келген өспүрүм. Калгандары жуктургандар менен байланышта болгондор”, — деди Үсөнбаев.

31-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны — 1748. Анын ичинен 1170 киши сакайып чыгып, 16сы каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0