БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 26 кишиден чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Ошону менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны дагы арбыды.
"Бишкек шаарында - 7, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 12, Ош шаарында - 3, Ош облусунда 1 адамдан табылды", - деди Үсөнбаев.
Ооруп калгандар күн сайын көбөйүүдө. Кечээ министрлик коронавирус жуккандарды дарылоо боюнча Бишкек шаарында Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан тышкары дагы үч оорукана даярдалып жатканын айткан.