Казакстандын чек арадагы көргөн чараларын ЕЭК коллегиясы тоскоолдук катары тааныды

© Sputnik / Акылбек БатырбековОгромная пробка из грузовых машин на кыргызско-казахской границе
Огромная пробка из грузовых машин на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин билдиргенине таянсак, ЕЭК коллегиясы Казакстандын өкмөтүнөн алып бара жаткан товарларды ашыкча текшерүү иштерин токтотууну өтүнгөн.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы Казакстандын көрүп жаткан чараларын ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдук деп тааныды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Официальный визит премьер-министра Казахстана Аскара Мамина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал. Эки өлкөнүн премьерлери сүйлөштү
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-июнда, ЕЭК коллегиясы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын көзөмөл-өткөрүү пунктуларында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) товарларына карата Казакстан тараптын жүргүзүп жаткан көзөмөл иш-чараларын карап чыккан.

Экономика министрлигинин билдиришинче, ЕЭК коллегиясы Казакстандын өкмөтүнөн төмөнкүлөр боюнча ыкчам чараларды көрүүнү өтүнгөн:

  • ЕАЭБге Кыргызстандан ташылып келинген товарларга карата ашыкча текшерүүнү токтотуу;
  • транспорттук каражаттарды кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү тартибин тездетүү жана жөнөкөйлөтүү;
  • ЕАЭБде каралбаган көзөмөлдүн бардык түрлөрүн колдонуудан баш тартуу;
  • тез бузулуучу жана мезгилдүү товарларга, ошондой эле азык-түлүк үчүн "жашыл коридорлорду" камсыз кылуу.
“Муну менен катар эле ЕЭК ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек араларында товарларды алып өтүү боюнча жаралган көп сандагы көйгөйлөргө тынчсыздангандыгын билдирди. Ал системалык мүнөзгө өтүп, аны чечүү үчүн комплекстүү бир чечимдерди талап кылып калганы белгиленди. Бул максатта, буга окшогон маселелерди кароо үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Ал топ бирикмеге мүчө мамлекеттердин чек араларынан товарды алып өткөндө жаралган тоскоолдуктарды системалык түрдө четтетип, улам пайда болчуларынын алдын алган иш-чаралардын планын иштеп чыкмакчы. Мындан сырткары, союзга мүчө өлкөлөрдүн салык жана бажы тармагында маалымат алмашып туруусун да карамакчы.

“Кыргызстан жогорку деңгээлдеги мындай жумушчу топтун түзүлүшүн колдойт жана анын аталган тармакта создуктурбай иш алып баруу үчүн чогулууга чакырат”, - деп айтылган билдирүүдө.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичинде кыргыз-казак чек арасында да товар өткөрүү жаатындагы көйгөй системалуу түрдө жаралып келет. Бул боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда бир нече сөз болгон. Акыркысы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды эки өлкөнүн премьерлеринин сүйлөшүүсү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0