Аймактык гезиттер кайрадан чыга баштайт

© Sputnik / Сергей Русанов / Медиабанкка өтүүТипография АО "Тюменский дом печати"
Типография АО Тюменский дом печати  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук гезиттер өзүн-өзү каржылоого жетишүү үчүн бир канча ченемдик-укуктук актылар олуттуу өзгөртүлүшү керек. Ал эми азыр буга бюджеттен акча бөлүнмөкчү.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Облустук гезиттер 2020-жылдын 1-июлунан тарта кайрадан бюджеттен каржыланып чыгарыла баштайт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков облустук медиаборборлордун башкы директорлорунун катышуусундагы онлайн конференцияда билдирди.

Анын айтымында, облустук гезиттерди чыгаруу 2020-жылдын март айынан баштап, республикада COVID-19 инфекциясына байланыштуу өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишинен улам убактылуу токтотулган. Буга чейин элди так жана оперативдүү маалымат менен камсыздоо максатында медиаборборлордун телеканалдарынын эфирдик сеткасына өзгөртүүлөр киргизилип, автордук берүүлөрдүн саны кыскартылып, маалыматтык программалардын эфирдик убактылары кеңейтилген болчу.

Видеоператор жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдардын "Карек" кинофестивалына тасмалар кабыл алына баштады
Видеоконференцияда белгиленгендей, облустук гезиттер өзүн-өзү каржылоого жетишүүсү үчүн Бюджет кодекси баштаган бир канча ченемдик-укуктук актылар олуттуу өзгөртүүлөргө муктаж.

Онлайн жыйында министрдин орун басары жетекчилерге гезиттин мазмуну жана сапатын жакшыртуу, нускасын көбөйтүү аракеттерин көрүү ишин тапшырды.

Буга чейин жарандарды так жана оперативдүү маалымат менен камсыздоо иштеринде медиаборборлордун телеканалдарынын эфирдик сеткасына өзгөртүүлөр киргизилип, автордук берүүлөрдүн саны кыскартылып, маалыматтык программалардын эфирдик убактылары кеңейтилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0