Өзбекстандан Кыргызстанга гумжардам келди

© Фото / Пресс-служба МИД КРЦеремония передачи гуманитарного груза Узбекистана в Оше
Церемония передачи гуманитарного груза Узбекистана в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорид, 2500 респиратор, 5000 даанадан медициналык кол кап жана бет кап, 2500 коргоочу костюм бар.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүп, аны тапшыруу аземи Ош шаарында болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Тышкы иштер, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүм башчылары катышкан.

© Фото / Пресс-служба МИД КРӨзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүп, аны тапшыруу аземи Ош шаарында болду.
Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүп, аны тапшыруу аземи Ош шаарында болду. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүп, аны тапшыруу аземи Ош шаарында болду.
© Фото / Пресс-служба МИД КРИш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Тышкы иштер, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүм башчылары катышкан.
Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Тышкы иштер, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүм башчылары катышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Тышкы иштер, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүм башчылары катышкан.
1/2
Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүп, аны тапшыруу аземи Ош шаарында болду.
2/2
Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Тышкы иштер, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүм башчылары катышкан.
"Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорит, 2500 респиратор, 5000 даанадан медициналык кол кап жана бет кап, 2500 коргоочу костюм бар. Жүк Өзбекстандан Ош шаарына темир жол менен жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан коңшу мамлекетке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдиргени кошумчаланды.

Буга чейин Кыргызстан Сардобин суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан жабыркаган өзбек элине гумжардам берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0