Ошто жер титиреп, күчү 5 баллга жетти

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф
Сейсмограф - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүү Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жыланды, Красный-Маяк, Кара-Дыйкан, Шералы, Мырза-Аке айылдарында 4,5 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейcмология институтунан кабарлашты.

Ага ылайык, жер бүгүн, 30-майда, болжол менен саат 10:25те титиреп, күчү очогунда беш баллга жеткен.

"Силкинүү Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жыланды, Красный-Маяк, Кара-Дыйкан, Шералы, Мырза-Аке айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында, Октябрь, Сузак айыл аймактарында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматта боюнча, жер титирөөдөн кыйроо жана жапа чеккендер болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0