22:47 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Коом
Кыскача шилтеме алуу
190 0 0

Бишкек менен Оштун ортосундагы аба каттамдар коронавирус пандемиясынан улам токтотулган. Эми карантиндик чектөөлөрдүн жеңилдеши менен ал 8-июндан баштап жанданат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому авиакаттамдар аткарыла баштаганда жүргүнчүлөрдү эрте келүүгө чакырат.

Буга чейин өкмөт Бишкек — Ош авиакаттамын жандандырууга уруксат берген. Ал коронавирус пандемиясынан улам токтотулган. Эми карантиндик чектөөлөрдүн жеңилдеши менен 8-июндан баштап иштейт.

Компаниянын маалымат кызматы акыркы абалга байланыштуу аэропорттун имаратына жашы жете элек балдары бар жүргүнчүлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар билети менен гана кире ала тургандыгын түшүндүрүүдө.   

Кире бериштен жарандардын дене табы текшерилет. Компания өкүлдөрү адамдарды имараттын ичинде бет кап кийип жүрүүнү сунуштоодо.

Тема боюнча

20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет
Белгилер:
коронавирус, каттам, аэропорт, Ош, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ