Бишкектеги инфекциялык оорукана толуп калып, бейтаптарды кабыл алууну токтотту

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОбсервационный центр в Мурманской области
Обсервационный центр в Мурманской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорукана этап-этабы менен обсервацияга жабылмакчы. Ал эми бардык кызматкерлерден анализ алынып, медициналык жай дезинфекцияланат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы коронавирус менен келгендерди гана кабыл алат. Бул тууралуу аталган жайдын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Ал клиника толуп калгандыктан, кабыл алуу убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

"Бүгүн ооруканада 180 бейтап коронавирус менен жатат. Дагы бир себеп - биздин 19 кызматкерден COVID-19дун чыкканы болду. Азырынча абалы абдан оор болуп келгендерден башкаларын кабыл албай турабыз. Андай бейтаптар кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылат", — деди Аалиев.

Анын айтымына караганда, 14 күндүн аралыгында оорулуулардын көбү чыгарылат.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Аалиев: коронавируска шектелгендер январда эле ооруканага түшө баштаган
"Андан кийин оорукана обсервацияга жабылат. Ал эми бардык кызматкерлерден анализ алынып, медициналык жайды дезинфекциялашат. Ал процедуралар бүткөн соң кабыл алууну улантабыз", – деди ал.

Башкы дарыгер медициналык кызматкерлер оорукананын аймагынан чыкпай эки ай иштегендигин кошумчалады. Дезинфекция иштери жүрүп жатканда алар эс ала турушат.

Эске салсак, Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы коронавирус менен ооругандарды гана кабыл алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0