Ош, Баткен облусунун айрым жеринде электр кубаты эки күн өчөт. Тизме

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКүн жарык өчүргүчтөр. Архив
Күн жарык өчүргүчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу 30-31-май күнү саат 08.00дөн 17.00гө чейин электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ош жана Баткен облусунун айрым жерлеринде  электр кубаты эки күн өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жумушчу жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын монтаэ кылып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү
Билдирүүгө ылайык, пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу 30-31-май күнү саат 08.00дөн 17.00гө чейин төмөндөгү аймактарда электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

Ош облусунун Ноокат районундагы Арык-Тейит, Правда, Баглан, Ак-Чал, Таш-Булак, Ак-Терек, Кызыл-Булак, Кожо-Арык, Абшыр-Сай айылында 30-майда электр кубаты жок болот. Ал эми 30-31-майда Кара-Суу районундагы Агартуу, Маданият, Калинин, Большевик, Зарбалик, Мамажан, Каарман, Ачы, Беш-Мойнок, Манас, Достук, Асанчек, Кыргызчек айылында электр энергиясы өчөт.

31-май күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион, Алга, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл өкмөтүндө электр кубаты өчүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0