Абылгазиевдин Эл аралык университетти бүткөнүн көрсөткөн документтер жарыяланды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Университеттен өкмөт башчы диссертациясын баалуу кагаздар боюнча банктык операциялар жаатында жактагандыгын айтышты.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинде магистратурада билим алгандыгын тастыктаган документтер окуу жайдын сайтына жарыяланды.

Муну менен администрация өкмөт башчынын дипломунун айланасында айтылып жаткан сөздөргө чекит коюп, маселени тактап берүүнү чечти.

Буга аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсүнүн премьер-министрди 1990-жылдары окуу жайды аяктаган студенттердин катарынан көрбөгөндүгүн жазганы себеп болгон.

"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Жогорку математика жана бизнес" деп аталган магистратуранын күндүзгү бөлүмүндө "Банк адистиги" боюнча 1995-жылы окууга кирип, 1997-жылы аяктаган. Муну банк иштери боюнча мамлекеттик экзамен тапшырганы жазылган протокол далилдеп турат. Андан сырткары бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү жазылган кагаздар да бар", — деп айтылат консорциумдун маалыматында.

Окуу жайдын архивинен билим алганы үчүн мыйзамдуу түрдө акча төлөгөн кагазы жана студент Абылгазиевди магистратуранын экинчи курсуна которуу боюнча буйрук менен рапорт алынган. Мындан сырткары магистрдик диссертациясынын темасын бекиткен документ да бар экендигин администрация маалымдаган.

"Өкмөт башчы диссертациясын "Баалуу кагаздар боюнча банктык операцияларга жасалган анализ" жаатында жактаган", — деп жазылган.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Абылгазиевдин фамилиясындагы айырмачылык башка расмий маалымат булактарында жүргөнү бул кадыресе эле көрүнүш экени айтылган.

Бишкектеги Кыргызстан Эл аралык университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык университеттин ректору Абылгазиевдин алардан окуганын  айтып берди
Мындан сырткары маалыматта аталган университетте 1995-жылы студенттерди эки деңгээл менен даярдаган Болон системасы кирип калганы кабарланган.

"Кыргызстан эл аралык университети бул системаны киргизген алгачкылардан болгон. Ал эми азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күндүзгү бөлүмдүн магистратурасынын биринчи агымынын бүтүрүүчүсү", — деп айтылган маалыматта.

Сайтта мамлекет окуу жайдан билим алган жалгыз коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкер эместиги кабарланган. Андан башка Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, ТИМдин коомдук кеңешинин жооптуу катчысы Уран Ахметов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөндүгүн мисал кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0