ӨА учурунда жетишпей калдыңызбы? "Балага сүйүнчүнү" азыр да сураса болот

Жазылуу
2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "Балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Ага ылайык, төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилип баштаган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал жарыяланган учурда "балага сүйүнчү" сурап кайрыла албай калган ата-энелер бир жолку бул төлөмдү эми деле ала берсе болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "Балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Ага ылайык, төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилип баштаган. Ата-энелер бала алты айга толгуча арыз менен кайрыла алат.

"Өзгөчө абал режими учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти убактылуу иштебей турду. Бул аралыкта балдарына алты айдан ашып кеткен ата-энелер эми дагы кайрылса болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Кайрылуу үчүн атанын же эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана банктык реквизиттер талап кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0