10 объектини кыдырсаң, ардактуу турист болосуң! Өлкөдөгү өзгөчө сынак

© Фото / Геннадий ЗакировЖалал-Абад облусунун Сары-Челек көлү. Архив
Жалал-Абад облусунун Сары-Челек көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурска катышчулар министрлик көрсөткөн 10 объектиге барып, алардын жанынан сүрөткө түшүп, аны ведомствонун электрондук дарегине же "Уникалдуу Кыргызстан" хэштеги менен соцтармакка жүктөшү керек.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өлкөдө ички туризмди өнүктүрүү максатында кыргызстандыктарга өзгөчө сынак жарыяланды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү тарыхый, жаратылышы кооз 10 объектини кыдырган жарандарга "Ардактуу турист" деген наам ыйгарылат.

Сынакка катышуу үчүн жарандар төмөнкү 10 жерге барышы керек:

  • "Бурана" комплекси;
  • "Өзгөн" мунарасы
  • "Таш-Рабат" тарыхый комплекси;
  • "Сары-Челек" коругу;
  • "Манас" күмбөзү;
  • Сан-Таш;
  • "Сказка" каньону;
  • "Арстанбап" жаңгак токою;
  • Сулайман-Тоо;
  • "Шах-Фазиль" комплекси.
"Бул комплексти кыдырып келгендер "Ардактуу турист" наамына ээ болот. Алар аталган объектилерге барып жанынан сүрөткө түшүп, министрликтин электрондук дарегине же "Уникалдуу Кыргызстан" хэштеги менен соцтармакка жүктөшү керек", — деди Жаманкулов.

Министр бул сынак быйыл эле эмес, жыл сайын уюштурулуп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0