04:57 15 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1886)
4252 0 0

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 768 адам жаткырылып, алардын ичинен 633үнөн коронавирус тастыкталган. Вирус табылып дарылангандардын 445и айыгып чыкты. Учурда 181 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Аталган оорукананын дарыгерлери эки айдан ашык убакыттан бери балдарын, жакындарын көрө элек. Sputnik Кыргызстан агенттиги пандемия маалындагы медиктердин абалы, ооруканадагы кырдаал тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев менен маек даярдаган.

Глав врач инфекционной больницы Гулжигит Аалиев. Архивное фото
© Sputnik / Расул Усеналиев
Гүлжигит Аалиев: Мындай оору менен биринчи жолу кармаштык да. Биздин кызматкерлердин арасында психологиялык жактан кыйналып, корккондор болду. Андан бери ар кандай кырдаалдар баштан өттү.

— Биз билгенден оорукананын дарыгерлери өлкөдө коронавирус катталгандан бери үйүңүздөргө барбай иштеп жатасыздар?

— Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы Кытайда коронавирус катталгандан баштап эле даярдык көрө баштаганбыз. Негизинен январь айынын аягында биздин ооруканага коронавируска шектелгендер түшө баштаган. Ал үчүн атайын бокс бөлүмүнө койка даярдаганбыз. 23-марттан баштап биздин оорукана карантиндик режимге өтүп, кызматкерлер чыга албай калышты. Ушуга чейин 160 медик иштеп жаткан, азыр алардын санын 200гө чыгардык. Себеби учурда оорулуулар көбөйүп, резервдеги кызматкерлерди да чакырууга туура келди.

— Медиктердин арасында чарчап же вирустан коркуп ишин таштап кеткендер болдубу?

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында медайым Жакут Орозалиева
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
— Кээ бир өнөкөт илдети бары ооруканадан кетүүгө аргасыз болду. Арасында үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, ата-энеси же жакындары катуу ооруп калганда кеткендер катталды. Алар алгач биздин обсервацияда жатып, анан андан ары таза болсо кетип жатышты. Бирок көп санда эмес, болгону беш-алты адам. Ал эми вирустан коркуп, ишин таштап кеткендер кездешкен жок. Негизи мындай оору менен биринчи жолу кармаштык да. Биздин кызматкерлердин арасында психологиялык жактан кыйналып, корккондор болду. Андан бери ар кандай кырдаалдар баштан өттү. Башында тажрыйба да жок эле. Коронавирус менен күрөшүүдө коргоочу костюмду да эрежеси менен кийип, чечүү керек. Бул оору жугузуп албоонун башкы критерийи. Ушул жагын да көзөмөлдөгөн атайын кызматкерлерибиз бар. Азыр кудайга шүгүр, медиктерибиз мындай оорунун очогунда жүрүүгө көнүп, анын тартибин үйрөнүштү. Бул вирус катталганда эле медиктерди иргегенбиз. Ар кандай өнөкөт оорусу бар, жашы өтүп калган, кош бойлуу же балдары жаш кызматкерлерге сырттан иштөөгө уруксат бердик. Калган медиктердин жакындарын көрбөй ооруканада түнөп, иштеп жатканына эки ай бир жума болду. Кесиптештерим азыр шайдоот иштеп жатышат деп айта албайм. Баары чарчады.

— Ушул аралыкта балдарын көрбөгөн медик энелерге эки эсе кыйын болуп турса керек...

— Карантиндик аймакта иштегендиктен, үйгө барууга болбойт. Себеби оору жуктургандар менен дайыма байланыштабыз. Биздин оорукананын өзгөчөлүгү короонун ичинде он бөлүм бар. Ушул он бөлүмдө тең коронавирус жуктургандар жатат. Башка тармактык дарыгерлер, ошол эле мобилдик топтор, эпидемиологдор вирус жуктургандар менен бир гана жолу жолугушат. Ошол себептен кесиптештеримдин жакындарына, жолдошторуна, ата-энесине рахмат айткым келет. Беш-алты жашар балдары бар жаш медайымдарга ыраазымын. Алардын балдары да апасын эки айдан бери көрө элек.

Главный врач республиканской клинической инфекционной больницы Гулжигит Аалиев с коллегами
© Фото / из личного архива Гулжигита Аалиева
Гүлжигит Аалиев: Кесиптештеримдин жакындарына, жолдошторуна, ата-энесине рахмат айткым келет. Беш-алты жашар балдары бар жаш медайымдарга ыраазымын. Алардын балдары да апасын эки айдан бери көрө элек.

— Сиз деле үйүңүзгө бара элексиз да, өзгөчө неберелериңизди аябай сагынсаңыз керек?

— Ооба, албетте сагынасың. Технологиянын өнүккөнү бизге ушу тапта жакшы болуп турат. Скайп аркылуу үйдөгүлөр менен сүйлөшүп, балдарыма, неберелериме болгон сагынычымды таратам. Неберелерим көп учурда сагынып, неге келбей жатканымды сурашат. Аларга жумушта экенимди айтып, кабинетимди, жумуш ордумду көрсөтсөм, анан "аа, чын эле атабыз жумушта жүргөн турбайбы" деп тынчып калышат. Үйдөгүлөр менен телефон, интернет аркылуу сүйлөшүп турам. Эми бул биздин жумушубуз, кызматтык милдетибиз. Мамлекетибизге жардам беришибиз керек. Бирок баары бир балдарды ойлоп, сагынат экенсиң.

— Коргоочу костюмду кийип жүргөндө кандай абалда болосуңар? Оор болсо керек?

— Бир костюм төрт сааттан алты саатка чейин кийилет. Аны кийип жүрүү да өтө татаал. Жакында эле биздин жандандыруу бөлүмүнө Улуттук госпиталдан консультацияга отоларинголог Владимир Пак келди. Ал болгону костюмду эки-үч саат гана кийди. Андан кийин коргоочу костюм кийгендеги сезимдерин, абалын социалдык тармакта өтө жеткиликтүү сүрөттөп бериптир.

"Коргоочу костюмдун көз айнеги тердеп кетпеши үчүн аны атайын суюктук менен сүртүп коюшат экен. Ал кийимди кийип жандандыруу бөлүмүнө баргычакты өзүмдү Айда басып жүргөн космонавттай сездим. Респиратор жана эки кабат бет каптан дем алуу бир топ кыйын болду. Жарым сааттан кийин аябай тердеп, аба жетпей баштады. Эки сааттан кийин өзүмдү жаман сезип, токтоп, бир аз эс алып отурдум. Ал эми үч сааттан кийин тердегендиктен бүткөн боюм суу болуп, алым кетип, денем, колдорум калтырап, башым катуу ооруп чыкты. Коргоочу костюмду чечип ыргыткым келди. Бөлүмдүн дарыгерлери мени түшүнүп, алгач он күн ушундай сезим болорун айтышты", — деп жазыптыр. Бул костюмду кийип жүргөндө адам керек болсо паникага алдырып жиберет. Вакуумга, аба жок жерге түшүп калгандай болосуң.

— Өткөндө коронавирустан медицина кызматкери каза болду. Бейтаптар кайтыш болуп калганда кандай абалда болдуңуз?

— Коронавирустун дагы бир өзгөчөлүгү — аз убакыттын ичинде эле оору күчөп кетип жатат. Айрым бейтаптар бизге эч кандай оорунун клиникалык белгилери жок келет да вируска ишенбей баштайт. Алардын ичинен кээ бири медиктер менен урушуп, дары ичпей "эмне бизден коркутуп жатасыңар, жөн эле жаткырдыңар" деп чуу салышат. Арадан эки күн өткөндөн кийин ошондой бейтаптардын эки-үчөө дем алуусу кыйындап, кычкылтекке кошулуп, жандандыруу бөлүмүнө жатып калышты. Ошондо гана бул илдетке көз карашы өзгөрүп, медиктерге мамилеси оңолуп жатат. Бейтаптар сакайып, үйлөрүнө аман-эсен чыгып кетсе дейбиз. Кайтыш болуп калганда, албете, кейийбиз. Жаман болосуң. Өзгөчө дарыгер кесиптешибиз көз жумганда жаман болдук. Мукар Шалтаковичтин да кайтыш болуп калганы оор тийди. Коронавирус өнөкөт ооруларды козгоп бир гана дем алуу органдарына таасир тийгизбестен, башка органдарды да оорутуп, күчөтөт экен. Бейтаптардын каза болушуна ушул нерсе себеп болуп жатат. Жашы өтүп калган же жыйырма күндүк ымыркайлар келет. Ошолор айыгып чыгып кетип баратканда маанайыбыз көтөрүлүп, сүйүнүп калабыз.

Главный врач республиканской клинической инфекционной больницы Гулжигит Аалиев с коллегами
© Фото / из личного архива Гулжигита Аалиева
Гүлжигит Аалиев: Коргоочу костюмду кийип жүргөндө адам керек болсо паникага алдырып жиберет. Вакуумга, аба жок жерге түшүп калгандай болосуң.

— Ушул мезгил аралыгында эң кыйын күндү же окуяны айта аласызбы?

— Эң оор күн 9-май болду. Себеби 7-майда Соль-Илецкиден келгендерден бир убакта 58 адамды кабыл алдык. Эс алуудагы дарыгерлерден бери жумушка чыгып жардамдашышты. Оорукананын жамааты бүт иштеди. Сырттан келгендерге бардык шартын түзүп, бөпөлөп карап жатсак да дарыгерлерге жасаган мамилеси абдан кейитти. Арасында эки-үч тартиби жок тентек балдары бар экен, эшиктерибизди тепкилеп талкалап, терезелерди сындырып "сыртка чыгабыз" деп айлабызды кетирген.

— Эмнеге таң калдыңыз?

— Коронавирус аныкталганда бейтап алгач психологиялык жактан бир башкача абалга тушугат экен. Ар кимиси ар кандай кабыл алат. Бул жагынан психолог да болуп бүттүк. Анткени ар бир адамдын жүрүм-турумуна жараша мамиле кылып дарылайбыз. Медицина тармагында ушунча жүрүп көп эле кишини көргөм. Бирок бул жолу башкача түшүнүктөгү адамдарды көрүп таң калдым. Дары берсең шек санап, "мен силерге сыноодогу коёнмунбу, муну эмне берип жатасыңар?" деп ичпей кыйнагандары болду. Мамлекет дары менен камсыздап, дарыланууга шарт түзүп жатса, баш тарткандары кызык. Эл таарынбасын, бирок кыргыздар негизинен бир аз тартиби жок, мыйзамга баш ие бербеген калк болот экенбиз.

— Коронавирус биздин медицинадагы кандай кемчиликтерди көрсөттү?

— Саламаттык сактоо тармагында реформа жүргүзүлүп, чет мамлекеттен келген жана жергиликтүү консультанттар кеңеш берип жатканда жугуштуу оорулар тууралуу маселелер жетишерлик эске алынбай, ага көңүл бурулбай калыптыр. Чынын айтуу керек. Кыргызстанда жугуштуу оорулар боюнча 1 800 койка бар. Алардын ичинен жалгыз өз алдынча иш алып барган 400 орундуу оорукана биз элебиз. Башка ооруканаларда болгону жугуштуу оорулар бөлүмдөрү бар. Алар деле калдык принцибинде каржыланып, жетишерлик көңүл бурулбай, керек болсо оңдоо иштери да тыңгылыктуу жасалбай калган. Бул багытта адистерди даярдоо иши да аксап турат. Мындан ары министрлик тарабынан ушул жагына көңүл бурулат го деп ойлоп жатам.

Главный врач республиканской клинической инфекционной больницы Гулжигит Аалиев с семьей
© Фото / из личного архива Гулжигита Аалиева
Гүлжигит Аалиев: Скайп аркылуу үйдөгүлөр менен сүйлөшүп, балдарыма, неберелериме болгон сагынычымды таратам. Неберелерим көп учурда сагынып, неге келбей жатканымды сурашат. Аларга жумушта экенимди айтып, кабинетимди, жумуш ордумду көрсөтсөм, анан "аа, чын эле атабыз жумушта жүргөн турбайбы" деп тынчып калышат.

— Өлкөдө ар кандай жугуштуу вирустарды иликтеп жана тактоо жагы да аксай турганы, окумуштуу адистердин жетишпестиги да айтылууда...

— Албетте, вирусту иликтеп тактоо иштеринде кыйынчылыктар бар. Бул жагынан бизге жаңы аппараттар, техникалык жабдуу керек. Вирус жаңы башталганда Россия ПЦР–тесттерди берип, алгачкы тепкичтен өтүп кеттик. Коронавирус биз үчүн чоң сабак болду. Саламаттык сактоо министрлиги бул жагына абдан көңүл буруусу керек. Жугуштуу оорулар олуттуу нерсе экенин көрдүк. Илгерки кара тумоо, холера каптаган мезгилдей эле коронавирустун кесепети да дүйнө жүзүн сестентип койду.

— Оорунун очогунда жүргөн адам катары сиздин байкооңузда вирустун мизи Кыргызстанда качан кайткыдай?

— Чет жерден келген мекендештерден коронавирус аныкталбаганда, майдын аягы менен басаңдап, бир топко чейин азайып да калмак. Мигранттарды ушундай эле тартип менен обсервацияга алып, клиникалык белгиси барларды изолятордо дарылап турсак, июндун ортосунда абал жеңилдеп, оору басаңдап калат деп үмүт артып жатабыз.

— Илдеттен арылып, колуңуз бошогондо эмне кылам деп кыялданып жатасыз?

— Жок дегенде эки күн эч нерсени ойлонбой уктагым келип жатат. "Канча бейтап келер экен, абалдары кандай, оор абалда дарыланып жаткандар эмне болду, кызматкерлерим жуктуруп албаса экен" деп тынчсызданбай, эч нерсеге кабатырланбай тынч уктоону кыялданып жатам. Анүчүн биз бул ооруну жеңишибиз керек.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1886)

Тема боюнча

Батыралиев: COVID-19 такыр жок болуп кетпейт, эми аны менен жашайбыз
Талас коронавируска кантип такаат берүүдө? Облус жетекчиси Мураталиев менен маек
Белгилер:
бейтап, коронавирус, Гүлжигит Аалиев, оорукана, Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиника

ЭҢ МААНИЛҮҮ