1-июндан баштап иштечү тармактардын тизмеси айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭс алуучулар Ысык-Көлдүн жээгинде. Архив
Эс алуучулар Ысык-Көлдүн жээгинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантиндик чектөөлөрдөн улам жабылган компаниялар акырындык менен ишин жанданта баштады. 1-июндан тарта дагы бир канчасы кардарларды кабыл ала баштайт.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда 1-июндан баштап ишке кирчү тармактарды санап берди.

Алар:

  • бардык өндүрүш тармактары;
  • калган тамак-аш жана күнүмдүк турмушка керектүү буюм-тайымдарды саткан дүкөндөр;
  • бардык калкты тейлөө борборлору;
  • аудит жана консалтинг компаниялары;
  • рекламалык агенттиктер;
  • эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый жайлар.
Жаңылыктар түрмөгү
0