Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкекке Филиппинден жана Түштүк Кореядан 58 кыргызстандык кайтып келди
Бишкекке Филиппинден жана Түштүк Кореядан 58 кыргызстандык кайтып келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө экономикалык активдүүлүк азайып, чет өлкөгө окуу жана иштөө максатында кеткен мекендештер кайрылып келүүгө аргасыз болууда.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкекке Филиппинден жана Түштүк Кореядан 58 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"29-майда Сеул — Бишкек — Сеул чартердик каттамы менен 58 жаран кайтып келди. Бул каттам Кыргызстандын Түштүк Корея, Япония жана АКШдагы жарандарын мекенине жеткирүү үчүн корей тарап менен макулдашуулардан кийин ишке ашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Бардык учуп келген мекендештер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарын кайтаруу жолдорун издөө улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0