Биздин армия — мамлекеттин ишенимдүү тиреги. Жээнбековдун куттуктоосу

Жазылуу
Өлкө башчы акыркы жылдары армияны материалдык-техникалык жактан жабдуу, заманбап аскер техникалары жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырып баратканын белгилеген.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн азыркы кызматкерлерин жана ардагерлерине кайрылган.

"Биздин армиябыз — өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоо жана жарандарыбызды коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги. Акыркы жылдары армияны материалдык-техникалык жактан жабдуу, заманбап аскер техникалары жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырууда. Аскердик башкаруу системасын жана Куралдуу күчтөрдүн өз ара иш-аракеттерин өркүндөтүү жүрүп жатат. Аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары улантылууда", — деген президент.

Ошондой эле Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында аталардын даңктуу жолун жана аны уланткандарды терең таазим менен эстей турганыбызды кошумчалаган.

Өлкө башчы Ата Мекенди коргоочуларды милдетти абийирдүү аткарып жатканы үчүн ыраазылык билдирип, чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0