Бир күндө төрт медик коронавируска кабылды. Айыккандар болгон жок

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүБейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска кабылгандардын үчөө Бишкектен жана бирөө Ош шаарынан экендиги белгилүү болду. Ал эми сутка ичинде айыгып чыккандар болгон жок.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде төрт медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көбү Бишкекте. Өлкөдө бир суткада коронавирустан 22 бейтап айыкты
Анын айтымында, ооруга кабылгандардын үчөө Бишкектен жана бирөө Ош шаарынан. Ал эми сутка ичинде айыккандар болгон жок.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 330 учур катталды. Алардын 247си стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда кырдаал кандай нукта өнүгүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0