Рейд по соблюдению санитарных норм точками общепита в Оше - Sputnik Кыргызстан

Коронавирусту жеңчү күн барбы? Өлкөдөгү кырдаал боюнча сүрөт, видео баяндама

Жазылуу
Коронавирус өлкөдө бир топ аткаминерди да ээрден алып түшмөй болду. Эпидемиологиялык абалды жөндөй албагандар чекесинен кызматтан кол жууп кете баштады. Нарында дал ушул себеп менен үч жетекчи кызматтан кетти.

Вирустуу инфекция менен күрөш Кыргызстанда уланууда. Бактыга жараша, андан айыккандар көп. Бөбөктөрдүн ичинен 200дөй учур катталса, анын дээрлик 98 пайызы сакайган. Бирок сүйүнүүгө али эрте. Анткени күн сайын бейтаптар менен байланышта болгондордон вирус чыгып жатат.

Кыргызстан коронавирус менен кантип күрөшүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик, сүрөт жана видео баяндамасынан окуп, көрө аласыздар.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
22:39 29.05.2020
16:36 29.05.2020
16:35 29.05.2020

Бүгүн Түштүк Корея Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирип берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

 

Международный форум Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореядан жардам иретинде ПЦР-тесттер келди
16:34 29.05.2020

Ысык-Көл облусуна кирип бара жатканда туристтер үчүн эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

 

Ысык-Көл облусуна кирип бара жатканда туристтер үчүн эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

 

Биосферная территория Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат
Биосферная территория Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат
15:01 29.05.2020

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эпидемиологиялык абал жакшырып калды. Ооруну убагында токтотуп калууга жетиштик. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

 

Весенний призыв на военную службу в городах России - Sputnik Кыргызстан
Бир айылдан эле 30дан ашык киши COVID жуктурган. Чаткалда азыр абал кандай?
15:01 29.05.2020

Республикалык штаб карантиндик чектөөлөр кыскартылып бара жатканына карабай, тыюу салынган тармактар бар экенин айтып, тизмесин берди.

Азырынча төмөнкүлөр ишин жандандыра албайт:

маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
көңүл ачуучу мекемелер;
балдар оюн-зоок жайлары, оюн аянтчалары;
интернет-клубдар, ошондой эле компьютердик оюн жайлары;
кинотеатрлар;
соода борборлорунда жайгашкан тамактануу жайлары;
билим берүү борборлору (эгер санитардык-гигиеналык нормалар сакталып, андагылар аралыкты сактаса уруксат берилет);
шаар жана аймактар арасында элди автобус жана чакан автобус менен ташуу.


 

15:00 29.05.2020

Күзүндө жаңы окуу жылын реалдуу режимде, мектептен эле улантууга даярданып жатабыз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

 

Дистанционное обучение школьников - Sputnik Кыргызстан
Окуучулар күзүндө да аралыктан окумай болдубу? Министрликтин жообу
11:44 29.05.2020

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда 1-июндан баштап ишке кирчү тармактарды санап берди.

Алар:

бардык өндүрүш тармактары;
калган тамак-аш жана күнүмдүк турмушка керектүү буюм-тайымдарды саткан дүкөндөр;
бардык калкты тейлөө борборлору;
аудит жана консалтинг компаниялары;
рекламалык агенттиктер;
эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый жайлар.


 

11:07 29.05.2020
11:06 29.05.2020
11:04 29.05.2020


• Бишкек ш. – 3
• Ош шаарында – 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 330 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер айыгып чыккан.

10:06 29.05.2020

Бишкек ш. – 9 + 26 Россиядан келген курсанттардан
Чуй облусу - 5
Ош ш. – 2
Баткен облусу - 1
Нарын облусу - 4
Россиядан келгендерден - 21, алардын ичинен 11 кош бойлуу аял, 10 студент

10:04 29.05.2020

Бир сутка ичинде ооруканадан 22 киши чыгарылды
Бишкек ш. – 16
Ош облусу - 1
Нарын облусу - 5

09:51 29.05.2020

Нарын облусунда коронавирус менен күрөшкөн медиктерге 12 миллион сомдон ашык кошумча акы төлөнүп берилген. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сыйнагүл Шамеева билдирди.

Анын айтымында, бул каражат март, апрель айларына кошумча акы катары каралган.

"Март айында облус боюнча 495 медицина кызматкери коронавирус очогунда иштеп, 2 миллион 620 миң сом төлөнсө, апрелде 639 медицина кызматкери 10 миллион 344 миң сом кошумча акы алышты", — деди Шамеева.

Жаңылыктар түрмөгү
0