Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЗаводдун ишкерлери жумуш учурунда. Архив
Заводдун ишкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев радиатор жасалган өндүрүш жайын карантинге жапты. Анда иштеген 38 кызматкердин бардыгы 14 күнгө үй карантинине кеткен.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкектеги "Автомаш-Радиатор" ишканасынын бир бөлүгүндөгү жети кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, шаардын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев радиатор жасалган өндүрүш жайын карантинге жапты. Анда иштеген 38 кызматкердин бардыгы 14 күнгө үй карантинге кетишти. Алардан анализ алынып жатат.

"Атайын техника саткан зал өзүнчө иштейт. Ишкана кызматкерлери дезинфекция кылган туннель коюп, санитайзер орнотушкан. Тобокелчилик тобуна кирген (60 жаштан жогору курактагылар) аралыктан иштеп жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган компания автоунаа куруу жаатындагы ири ишканалардын бири. Бул жакта ЕАЭБге кеткен айыл чарба техникалары куралып чыгарылат.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

Киши обсервациянын коридорунда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө обсервацияда 109 киши жатат, анын 44ү медик
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0