Балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу жанданды

Жазылуу
Коронавирус пандемиясына байланыштуу министрлик мектепке кабыл алууну токтоткон болчу. Окуу жайлардын директорлору да билдирмелерге кире албай калышкан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Мектепке электрондук түрдө катталуу" системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин билим берүү уюмдары пандемияга байланыштуу жабылганы үчүн порталдын иши убактылуу токтотулган болчу. Мындан улам балдарын эпидемия жайылганга чейин каттаткан ата-энелердин системага кирүү мүмкүнчүлүгү чектелип, директорлор билдирмелерге кире албай калышкан.

"Портал мурдагыдай режимде иштеп жатат. Мектептер келип түшкөн документтерди кароого киришти. Билдирмени калтыруу үчүн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg дарегине кирип, керектүү документтердин баарын тиркеши керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Баса, Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектин кайсы мектебинде канча орун бар экендигин да билген.

Жаңылыктар түрмөгү
0