Окуудан чыгарып салабыз! Контракт төлөй албаган студенттер ара жолдо калабы?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУниверситеттеги студент. Архив
Университеттеги студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагындагы көпчүлүк билим берүү мекемелери өз ишмердүүлүгүн акырындык менен жыйынтыктоодо. Студенттер онлайн-экзамен берип, дипломдук иши менен алек.

Борбор калаадагы жогорку окуу жайларда билим алган айрым жаштар каржылык маселелерден улам окуусун бүтпөй каламбы деп бушайман болууда. COVID-19 вирусунан улам пайда болгон абалга карабай университет жетекчилиги контракт төлөөнү талап кылууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги маселенин чоо-жайын тактап көрдү.

Өзүнүн ысымын атагысы келбеген Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти биздин редакцияга кайрылды.

Жаш жигит өзү окуган жерде тез арада контракт төлөнбөсө баалар коюлбайт деген сөздөр болуп жатканын айтып берди.

© Фото / Азат АкаевИшенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Окуудан чыгарып салабыз! Контракт төлөй албаган студенттер ара жолдо калабы? - Sputnik Кыргызстан
Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
"Манас таануу жана лингвистика факультетинде окуйм. Жыл сайын окууга 32 миң сом төлөйм. Анын жарымын декабрга чейин бергем, калганын май айына чейин төлөмөкмүн. Окуу акысын иштеп өз күчүм менен төлөп келгем. Бирок быйыл карантинге байланыштуу бере албай жатам. Университеттен ушул жумада акчаны төлөбөсөңөр баалар коюлбайт деп айтып жатышат", — деди студент.

Ал ошондой эле тайпасында өзүндөй каржылык жактан кыйналган алты адам бар экенин жана андай студенттер ЖОЖдо бир топ экендигин кошумчалады.

Аталган университеттин маалымат катчысы Мирлан Алымбаев маселе боюнча жооп берип, студенттерге жеңилдик берилип жаткандыгын айтты.

Университеттеги профессор онлайн-сабакта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл абитуриенттер окууга онлайн кабыл алынышы мүмкүн
"Биз студенттерге жакшы эле жеңилдик бердик. Мисалы, социалдык абалына, үй-бүлөлүк шартына карап 1 миллион 800 миң сом контракт акчаны жаңы окуу жылдын башталышы менен күзүндө төлөсө болот. Негизи айрым студенттерге акча төлөгүлө деген талап коюлган экен. Анткени мугалимдерге айлык акы төлөө керек болгон. Сиздерге кайрылган студенттин шарты такыр жок болсо күзүндө төлөй алат", — деп айтты Алымбаев.

Ишсиз калып же карантинде айылга кетип калган студенттер өз аты-жөнүн жашыруун калтырууга аракет кылууда. Борбор калаадагы Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын магистранты дагы жылдагыдай окуу акысын өз убагында төлөй албай, азыр кыйын абалга кептелгенин жашырган жок. Анын пикиринде, карантин учурунда ЖОЖдордун өз студенттеринен окуу акысын талап кылып, коркутуп-үркүткөнү туура эмес.

"Азыр бир топ кыргызстандык жумушсуз калып, айрымдары тамак-ашсыз ачка калып жатат. Башкалар сыяктуу эле студенттер дагы ошол тиричиликти башынан өткөрүүдө. Анан университеттин "окуудан чыгарып салабыз, кийинки жылга каласыңар" деп коркутканы туура эмес. Мен дагы каржылык маселеден улам контрагымдын жарымын төлөй элекмин. Күзүндө акчамды төлөп, магистрлик диссертациямды коргосом дегем. Азыр академияны кантип бүтүрөм деп ойлонуп жатам", — деди магистрант.

Ал эми Дипломатиялык академиянын проректору Зайнидин Курмановдун айтымында, ЖОЖдо жалпы 300дөй магистрант окуйт. Окуу жай төлөнгөн контракттын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт, гранттык орундар жок.

Курманов 20 миң сомдон жогору (жылдык контракт — 49 миң) карызы бар жети гана магистрантка күзгө, башкача айтканда, диссертациясын коргогонго чейин деп төлөө мөөнөтү узартылганын белгиледи.

"Окуудан чыгаруу тууралуу сөз жок. Биз үчүн ар бир магистранттын окуусун бүткөнү маанилүү. Студенттерибизге либералдуу мамиле жасайбыз, биз алардан материалдык жактан көз карандыбыз", — деди Дипакадемиянын проректору.

Ошондой эле Курманов каржылык жактан кыйналып жаткандар ректоратка арыз менен кайрылса жетекчилик аларды түшүнүүгө аракет кыла тургандыгын кошумчалап, магистранттар арасында акчасын төлөй албагандар жок экенин айтты.

Буга чейин Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттерине контракт төлөө боюнча жеңилдиктер берилгенин айткан. Министр дагы студенттерден контракт төлөнү талап кылган фактылар көп катталып жаткандыгын сөз кылган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБилим берүү жана илим министри Каныбек Исаков
Окуудан чыгарып салабыз! Контракт төлөй албаган студенттер ара жолдо калабы? - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков
"Биз ар бир ЖОЖдун ректоруна, кесиптик техникумдун директорлоруна сунуш кат жолдодук. Ата-энеси, студенттин өзү ишсиз отурган учурда жакшы мамиле жасалышы керек. Университеттеги түзүлгөн социалдык комиссиялар окугандардын финансылык мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, контракт төлөө боюнча ийкем график түзүп бере баштады", — деген министр.

Бирок анда министрлик Кыргызстандагы ЖОЖ, кесиптик техникумдун жетекчилерине акы төлөөнү жылдыруу боюнча сунуш гана берген. Муну менен студенттердин көйгөйү толук чечилбей жаткандыгын убакыт көрсөтүүдө.

Аудиториядагы студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантин учурунда студенттер контракт акысын төлөбөйбү? Министрликтин жообу
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Марина Гречанная абалга мындайча түшүрмө берди.

"Министрлик бардык окуу жайларга студенттердин абалын туура түшүнүп, акы төлөөнү жылдырып бергиле деп сунуштама берген. Аларга буйрук бере албайбыз, анткени ал жагы мыйзам менен көзөмөлдөнөт. Азыр берилген сунуштардын аткарылышына мониторинг жүргүзүп жатабыз. Эгер билим алып жаткандар өзүнүн окуу жайы менен маселесин чече албаса, министрликке кайрыла алышат", — деп жооп берди Гречанная.

Кыргызстанда жалпы 50 жогорку окуу жай иштеп, аларда 223 миңден ашык студент билим алат. 15 пайызы мамлекеттик гранттык негизде окуса, калган 85 пайызы контракт төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0