Кыргызстан менен Түркиянын авиабайланышы качан жанданары айтылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУчактын иллюминаторынан Стамбулдун көрүнүшү. Архив
Учактын иллюминаторынан Стамбулдун көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмге жалпысынан 70 өлкө киргизилген. Маалыматта биринчи этап менен авиакаттамдар 1-сентябрга чейин ачылып бүтөрү айтылган.

БИШКЕК, 28-май  — Sputnik. Түркия Кыргызстан менен  авикаттамды 22-июндан тарта ачууну пландап жаткандыгын Turizm Guncel порталы жазды.

Түркия тараптын пландаганына караганда,  июндун биринчи декадасында жакынкы чет мамлекеттер менен авиакаттамдар жанданат. Тизмге жалпысынан 70 өлкө киргизилген. Маалыматта биринчи этап менен авиабайланыштар  1-сентябрга чейин ачылып бүтөрү айтылган.

Түркиядагы окуган студент Дастан Разак уулу  - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө калган кыргыздар ар кимдин үйүндө. Түркиядагы студенттин маеги
Түндүк Кипр эл аралык рейс ачылган биринчи мамлекет болуп калат. Учактар аталган өлкөгө 1-июндан тарта жөнөтүлө баштайт.

Казакстанга ”Түрк аба жолдорунун” учактары  20-июндан тарта келери айтылды. Ал эми Өзбекстанга 1-июлдан, Россия менен Улуу Британияга 15-июлдан баштап каттам жанданат.

Ал эми АКШга  аба кемелери 1-сентябрдан тарта учат. 

Буга чейин Түркия бийлиги 20-майдан тарта кыргызстандыктарды дарылануу үчүн өз аймагына кирүүгө уруксат бере тургандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0