Кыргызстанда COVID-19га антителого анализ тапшырса болобу? Министрликтин жообу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКыз лабораторияда коронавируска каршы антителолор бар экендигин текшерип жатат. Архив
Кыз лабораторияда коронавируска каршы антителолор бар экендигин текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде антителонун бар-жогун аныктоочу 4500 тест келери күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстан адамдын канында COVID–19га антителолор бар-жогун аныктаган тесттерди алууга кам көрүп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ага модератор "адамдын канындагы коронавируска каршы турчу антителого анализ тапшырса болобу жана анын баасы канча турат?" деген суроо берди.

Үсөнбаевдин айтымында, учурда өлкөдө канча адам коронавируска каршы тура аларын билүү үчүн антителону аныктоочу тесттерди алып келүү боюнча иштер жасалып жатат.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде бизге уюмдан 4500 тест келет деп күтүп жатабыз. Азыр адистер тестти Кыргызстанда колдонуу боюнча программа даярдап, өлкө аймагында каттоодон өткөрүү боюнча иштер аткарылууда", — деди Үсөнбаев.

Маалыматка караганда, мамлекет башка каналдар аркылуу дагы тесттерди издеп жатат.

"Эки тараптан сунуш болду, биз аларды иликтөөдөбүз. Баасын жана башка шартын айтуу азырынча эрте. Качан алар келип, колдонууга даяр болгондо жалпыга маалымдайбыз", — деди орун басар.

Эске салсак, буга чейин Бузулуктан Бишкекке автобус менен 413 кыргызстандык алып келинген. Ал эми Соль-Илецкиден 541 жаран мекенине кайткан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

Коронавируска анализ жүргүзүп жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соль-Илецк менен Бузулуктан келген канча адамдан вирус табылганы айтылды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0