Облустардагы COVID-19: сырттан келген бейтаптардын статистикасы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр медициналык бет капчан. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр медициналык бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктарды учак жана автобустар менен мекенине алып келүүсүн улантууда. Алардын арасынан вирус жуктургандар дагы чыгып жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Коронавирус жуктургандардын арасында 450 учур сырттан келгендерден катталган. Бул жалпы ооругандардын 30 пайызын түзөрүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Облустардагы сырттан келген бейтаптар:

  • Бишкек шаары — 38 пайыз;
  • Чүй облусу — 11 пайыз;
  • Жалал-Абад облусу — 13 пайыз;
  • Ош шаары — 9 пайыз;
  • Ош облусу — 15 пайыз;
  • Нарын облусу — 19 пайыз;
  • Ысык-Көл облусу — 1 пайыз;
  • Баткен облусу — 2 пайыз.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0